Марал Радиосу

Төрт-Күл суу сактагычына түшүп кеткен экинчи баланын да сөөгү табылды

Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычына түшүп кеткен экинчи баланын да сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 14-майда кечки саат 20:35 чамасында Төрт-Күл суу сактагычында кайык менен сейилдеп жүргөн болжол менен 15-20 жаштагы эки бала сууга чөккөн.

Куткаруу-издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү 2009-жылы туулган Д. М.  аттуу өспүрүмдүн сөөгү  табылган.

Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөө иштери улантылып жаткан. Ал бүгүн, 18-майда табылды.