Биз менен байланышыңыз

Ата-энелерден акча чогулткан мектептердин аты аталды

Саясат | 18 мая 2023 | 2274 | 1

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында депутаттар ар кандай маселелерди карашты. Анда негизинен аймактардагы жагдайлар, социалдык маселелер, айыл чарба жана билим берүү тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлдү. Бир топ депутат мектептерде коопсуздук, акча чогултуу маселеси курч болуп жаткандыгына токтолушту. 

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү. Алардын катарында мектептерде «ата-энелерден оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулуп жатканы» аталды. Депутат Эрулан Кокуловдун айтымында, тыюу салынганына карабастан, мектептерде директорлор ата-энелерди коркутуп, акча чогултууну улантышууда.

Ал айрым мектептерде чогулган акчага жаңы мектептин имаратын курууга мүмкүн экендигин белгилеп, акча жыйнаган мектептерди тизмелеп берди:

«Кээ бир мектептердин ремонтко чогулткан акчасын карап, аны окуучулардын санына көбөйтсөк, жыл сайын жаңы мектеп салып коё турган акча чогулат. Акча чогултуу канчалык аракет кылсак да токтобой койду. Мен ар бир акча чогулткан директорго чалып, токтотууга аракет кылып жатам, бирок кээ бир директорлор таптакыр эле бети жоктук кылып жатат. Мага «макул» деп коюп, кайра эле ата-энелер менен урушуп, балдарын коркутуп, акча чогултууга аракет кылып жатат. Ошол себептен мен акча чогулткан мектептердин атын ачык атайын деп чечтим. Алар: Таш-Көмүр шаарындагы №1 мектеп ремонтко 500 сомдон, Оштогу Кара-Суу шаарындагы Жумаев атындагы мектеп ремонтко 200 сомдон жана турмушу жакшы ата-энелерден 2000-4000 сомдон чогултуп жатат. Ысык-Ата районундагы Гидростроитель мектеби ремонтко 500 сомдон, күзөткө 200 сомдон; Бишкектин Келечек конушундагы №87 мектеп ремонтко 200 сомдон, Токмоктогу №9 мектеп ремонт менен күзөткө 1000 сомдон, Токмоктогу №1 мектеп ремонтко 200 сомдон; Бишкектеги №29 мектеп-гимназия класстык фондго 8 миң сомдон, Эне-Сайдагы №21 мектеп ремонтко 500 сомдон, Оштогу Барпы атындагы мектеп 500 сомдон, Бишкектеги №61 мектеп ремонтко 500 сомдон, Сузактагы №29 Талап Муратов атындагы мектеп фондго 1000 сомдон, Жалал-Абад шаарындагы №7 мектеп фондго 800 сомдон чогултуп жатышат».  

Буга чейин президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койгон болчу. Бирок акча чогултуу бүгүнкү күнгө чейин токтобой келет. Президент мектептеги керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланарын айткан.

Аймактардан ата-энелер да ушундай эле маселе менен кайрылып жатканын депутат Надира Нарматова белгилеп, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жатканын эске алуу менен мектептеги ата-энелер комитеттери көзөмөлдөй турган жобо иштеп чыгуу зарлыдыгын айтты.

«Ушул маселе боюнча Билим берүү министрлиги Каржы министрлиги жана ата-энелер комитети менен биргеликте карап чыгышы керек. Акча чогултулбасын деген менен реалдуу жашоодо акча чогултулуп жатат. Ата-энелер комитеттерине эркин тандоо укугун берүү керек. Чогултпайт деп убада бергени менен күнүмдүк муктаждыктардан улам чогултканга аргасыз болот. Ошонун жобосун иштеп чыгып, ата-энелер комитеттерине мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек, «өзүңөр көзөмөлдөп, өзүңөр алгыла, мыйзам бузбагыла» деп. Бул чогултуу иштери калбайт, мамлекет берген каражат менен бардык мектептин маселеси чечилип кетпейт. Бул маселени ата-энелер өздөрү чечсин».

Мектептерде акча чогултууларга 2019-жылы эле тыюу салынган, бирок андан майнап чыга элек. Билим берүү жана илим министрлиги атайын долбоор иштелип чыгарын, анын негизинде кайсы мектепке канча каражат керектелери иликтенерин билдирди.

Жыйында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков окуучуларга жалпы республикалык тестирлөөнү бекер өткөрүүнү сунуштады. Ал ар бир жаран Башмыйзамдын негизинде орто жана баштапкы билимди акысыз алууга укуктуу экендигин белгиледи.

Анын маалыматы боюнча ЖРТнын жалпы түрүнө катышуу 470 сомду түзөт. Кошумча предметтерге дагы 470 сомдон төлөнөт. Орто эсеп менен бир окуучу 1400 сом акча төлөп, тестке катышат. Депутат эң өкүнүчтүүсү бул акчалар бюджетке түшпөй, жеке компанияга түшүп жатканы экенин айтты.

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерине, администрациясына окуучулар менен ата-энелерден акча талап кылуусуна тыюу салган. Ага ылайык, мыйзамсыз каражат топтолсо, ата-энелерге моралдык-психологиялык кысым жасалса, мугалимдер жумуштан алынат. Мындай фактылар боюнча ата-эне Билим берүү жана илим министрлигине же милицияга кайрылса болот.

1 пикир

1 пикир

  1. Чынгыз

    20.05.2023 21:34

    Айтылса не болуду,эч нерсе чечилбегенден кийин ,буга чейин айтып корсотуп эле келе жатат,эч нерсе тыйылган жок,мыйзамдан корккон киши да жок,ата энелерди салып койуп ишти бутуруп жатышат

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM