Марал Радиосу

Аймактарда каржылык сабаттуулук боюнча семинарлар өтөт

Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары үчүн каржылык сабаттуулук боюнча семинарлар уюштурулат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка караганда, семинарды 22-майдан 7-июнга чейин ЕККУнун каржылык колдоосу менен Улуттук банк өткөрөт.

Буга чейин Улуттук банктын жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жетекчилиги алдында эксперттер тобу каржылык сабаттуулук боюнча базалык компетенциялардын стандарттарына негизделген экспресс-курс иштеп чыгышкан.

Кошумча маалымат www.finsabat.kg сайтында бар. Бардык суроолор боюнча 0312 61 24 14 телефон номерине кайрылса болот.