Марал Радиосу

УТРК: Кадыр Кошалиев Бакиевден жетекчилик менен макулдашпастан маек алган

Улуттук телерадио корпорациясынын кызматкери, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиев менен маеги жарыяланды.

УТРКнын продюсери Алмаз Касымалиев бул боюнча журналисттерге комментарий берди. Анын айтуусуна караганда, журналист Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиевден маекти быйыл февраль айында Орусияга барганда алган, бирок ал үчүн жетекчилик менен макулдашкан эмес.

«Ал убакта Кадыр Кошалиев УТРКда келишимдик негизде иштеп жаткан. Орусияга барып келгенден кийин «кыргыздар жөнүндө эки программа тартып келдим, андан сырткары маек алдым» деди. Маек тууралуу мени менен, жетекчилик менен да макулдашпаганы белгилүү болду. Муну эфирге сунуштаган да эмеспиз», — деди Касымалиев.

«ПолитКлиника» медиасы бул маек УТРКга караштуу «Маданият, тарых, тил» телеканалында жарыяланып жүргөн «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн форматында жасалганын аныктаган. Ютуб каналдарга чыккан маекте быйыл апрелде алынганы жазылып турат.

Садыр Жапаров Курманбек Бакиев тууралуу айтты

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиевге карата 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сыртынан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркиндигинен ажыратылган.

2010-жылы 7-апрелде Бакиевдин бийлиги кулатылып, 100гө чукул адамдын өмүрү кыйылган. Андан кийин ал Кыргызстандан качкан. Учурда ал Беларуста баш калкалайт.

Exit mobile version