Марал Радиосу

Дмитриевкадагы атышуу: Муфтият медресе курчоого алынганын төгүндөдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ок атышуу катталганда ал жердеги медресе курчоого алынганы боюнча маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя Дмитриевка айылындагы «Зулкарнайн» кыздар медресеси менен айыл өкмөттүн ортосундагы имараттарда болгон. Ал эми медресенин студенттери коопсуз жайга көчүрүлүп, тиешелүү органдар иш алып барууда.

17-майда Дмитриевка айылында куралдуу адам жок кылынганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын бөлүктөрү куралчан адамды кармоо учурунда ал катуу каршылык көрсөткөн.

Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери да барган. Учурда тергөө тобу иштеп жатканы, бул боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.