Марал Радиосу

Чүйдүн Дмитриевка айылындагы атышуу боюнча ИИМдин маалыматы

Бүгүн, 17-майда Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу адам жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын бөлүктөрү куралчан адамды кармоо учурунда ал катуу каршылык көрсөткөн.

Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери да барган. Учурда тергөө тобу иштеп жатканы, бул боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган адам тоноочулукка шектелүүдө.