Марал Радиосу

«Эркечтам-унаа жол» пунктунда мыйзамсыз акча чогулткандар аныкталды

Оштогу «Эркечтам-унаа жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз ташып өтүү үчүн чек ара кызматынын жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, системалуу түрдө оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан акча чогултуу фактысы катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Д» деп аталган ЖЧК менен «А» акционердик коому ар бир айдоочудан кезекке туруу үчүн миң сом мажбурлап өндүрүп, жүк ташуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берген жана контейнерлерди, жабдууларды кайра жүктөө үчүн крандарды колдонуу 100 АКШ долларын түзгөн.

«Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 14 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталып, анын орду толтурулду. Чек ара кызматкерлерине карата тергөө иштери уланууда.

УКМК министрликтерде, мамлекеттик мекемелерде коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда», — деп айтылат атайын кызматтын маалыматында.

Exit mobile version