Марал Радиосу

Талас шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Талас облусунун Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Талас шаарынын мэри Шабданов Аскар Адылбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Exit mobile version