Марал Радиосу

Кувейт Кыргызстанга 1 млн доллар гранттык-техникалык жардам көрсөтөт

Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана Финансы министри Алмаз Бакетаев Кувейтте Ислам өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышты.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында Кыргызстандын делегациясы Кувейттин Экономикалык өнүктүрүү фондунун Операция башкармалыгынын директору Абдулла Аль-Мусайбих менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиев Кыргызстандагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын өнүктүрүү жаатындагы калктын социалдык деңгээлин көтөрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу маселесин кароону сунуштады.

Кувейт тарап 1 млн долларды түзгөн инфраструктуралык долбоорлордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн гранттык-техникалык жардамды бекитүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымдады. Муну менен катар Кувейт Фонду менен биргелешкен долбоорлорду туруктуу ишке ашырууга максималдуу мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.