Марал Радиосу

Нарында «Долон» кар көчкү станциясы ишке кирди

Нарын облусунда «Долон» кар көчкү жана кар көчкү коркунучун көзөмөлдөө станциясынын ачылыш аземи өттү.

Аталган станция реалдуу убакыт режиминде кар көчкү түшүү коркунучун изилдеп божомолдоого, көзөмөлгө алууга жана так маалымат берип, калкка кооптуулук тууралуу алдын ала эскертүү берүү менен табигый кырсыктардын алдын алууга чоң шар түзөт.

Кар көчкү станциясыларын куруу жана жаңыртуу Япония Өкмөтү тарабынан каржыланган, БУУнун Өнүктүрүү программасынын «Кыргыз Республикасындагы тобокелдиктерди комплекстүү башкаруу жана Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык үчүн потенциалды чыңдоо» долбоорунун алкагында демилгеленген.

Exit mobile version