Марал Радиосу

Улуттар аралык кастыкты козуткан интернет колдонуучу кармалды

Facebook социалдык тармагындагы «Куба Буба» аккаунтунун ээси этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу» боюнча «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Куба Буба» аккаунтунун ээси 1974-жылы туулган Баткен облусунун тургуну Асанов Кубанычбек Ташбалтаевич кармалды.

«Асанов системалуу негизде социалдык тармактар аркылуу «Куба Буба» аккаунттары аркылуу жарандарды зордук-зомбулукка жана мыйзамсыз аракеттерге үндөгөн материалдарды жайылтуу менен алектенгени аныкталган.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, К.Асановдун билдирүүлөрүндө улуттар аралык кастыктын белгилери, ошондой эле улутуна карата кастык мамиле бар», – деп айтылат маалыматта.

Учурда Асанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.