Марал Радиосу

Надира Жусупбекова билим берүү министринин орун басарлыгынан бошотулду

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Жусупбекова кызматтан кетүү тууралуу өзү арыз жазганы белгиленди.

Надира Жусупбекова билим берүү жана илим министринин орун басары болуп 2018-жылдан бери иштеп келген.