Марал Радиосу

Коомдо кыргыз тилдүү мектептерге муктаждык жоюла элек

Өлкөдө кыргыз тилдүү мектептерге талап көбөйдү. Көптөгөн ата-эне балдары үчүн кыргыз тилинде сапаттуу билим берген мектептерди издеп жатканын билдиришти. Адистер кыргыз тилдүү мектептерди көбөйтүүдөн мурда андагы билим берүү сапатын жакшыртуу керектигин айтышууда. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги «кыргыз тилдүү мектептерде билим берүү сапаты начар» деген пикирлерди четке кагып, элди мындай ойдон алыс болууга чакырат. 

Бишкек шаарынын тургуну Гүлмира Батырованын кызы быйыл күздө 1-класска барат. Буга байланыштуу ал кыргыз тилинде  сапаттуу билим берген мектеп издеп жатат. Маектешибиз кыргыз тилдүү менчик мектептерге суроо-талап көп болгондуктан, ал жакка берүүгө жетишпей калганын айтат.

«Бишкекте кыргыз тилинде жакшы окуткан жеке менчик мектептер аз экен. Мамлекеттик мектептерге берейин десем, ал жактан кыргыз тилин жакшы өздөштүрө албайт деп ойлоп жатам. Себеби Бишкек шаарында кайсы тилдеги класс болбосун, балдар баары бир орус тилинде сүйлөшөт. Бирок жеке менчик кыргыз тилдүү мектептер өтө аз экен. Ошолордун бирине кызымды берейин десем, ал жакта орун калбай калыптыр. Ошондуктан аргасыздан орус класска берип жатам. Балдарыбызды кыргыз тилинде эле окуткан жакшы. Ушундай мектептерди көбөйтүү керек».

Бишкек шаарындагы менчик мектептердин биринин директору Алманбет Балтабаев азыркы күндө мамлекеттик тилде окутууга талап көбөйүп жатканын белгилеп, жаңы окуу жылына кабыл алууда 50 орун үчүн 750 бала тестирлөөдөн өткөнүн маалымдады.

«Учурда кыргыз тилинде окуп деле көптөгөн ийгиликтерге жетишсе болорун тастыктап келебиз. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн 42 пайызы чет өлкөдө билим алышат. Ал эми Кыргызстанда алдыңкы окуу жайларда окушат. Бүгүнкү күндө орундар толук. Класстарда орун жок. Көбүнчө сыртта жашаган ата-энелер: «Балам кыргызчаны унутуп баратат, балама кыргыз тилин үйрөтөлү», — деп кайрылышууда».

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова мамлекетте кыргыз тилдүү мектептер жетиштүү экенин айтты. Андагы билим берүү сапаты да талаптарга жооп берет.

Ошондой эле бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-эне балдарын орус тилде окуткан мектептерге берип жатканын кошумчалады.

«Азыркы күндө Бишкек шаарында эле орус тилдүү мектептер көп. Ал эми айыл жерлеринде бүт эле кыргыз тилдүү мектептер. Бишкек шаарында ата-энелердин басымдуу бөлүгү орус тилдүү мектептерге беришет. Бул жерде кыргыз тилдүү мектептердин билим берүү сапаты төмөн, мугалимдер жетишсиз дегенден алыс болуу керек. Себеби кыргыз тилдүү мектептерде талапка ылайык, билим берүү стандарттарына ылайык окутулат».

Ал эми билим берүү маселелери боюнча адис Саадат Саттарова Кыргызстанда кыргыз тилинде сапаттуу билим берген мектептердин жетишсиздиги чоң көйгөй экенин айтат.

Ал мектептердин санын көбөйтүүдөн мурун андагы билим берүү сапатын жакшыртуу керектигин сунуштайт.

Муну менен катар мамлекеттик мектептерде билим берүү сапатын жакшыртып, жеке менчик мектептер менен атаандашууга болорун кошумчалады.

«Бул маселе — бүгүнкү күндөгү орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Кыргыз тилдүү мектептер айылдарда көп. Бирок сапаты жагынан шаардагы орус тилдүү мектептерге жетпей жатат. Ал эми жеке менчик мектептерде азыркы күндөгү талаптарга ылайык шарттар түзүлүп, методикалар колдонулуп, кызыктуу, балдарга жагымдуу болгону үчүн ошол жакка беришет. Бирок ар бир эле ата-эне баласын жеке менчик мектепке бере албайт. Шаар жеринде колунда бар ата-энелер окутуп жатат. Ошондуктан жеке менчик мектептердеги эмес, мамлекеттик мектептердеги, айрыкча, кыргыз тилдүү мектептердеги билим сапатын көтөрүүгө аракет кылуу керек».

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин 2296 мектеп болсо, өткөн жылы 37 жаңы мектеп ачылган. Муну менен жалпы саны 2333кө көбөйгөн. Булардын ондон бири орус тилинде билим берет.

Exit mobile version