Марал Радиосу

Байсалов Лондондогу билим форумунда баяндама жасады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лондондо дүйнөлүк билим форумуна катышып, «Туруктуу өнүгүүдө билим берүүнүн ролу» темасында баяндама жасады.

Ал Кыргызстандагы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып, тармакты өнүктүрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат көбөйгөнүн белгиледи. Мындан тышкары өлкө жетекчилиги адамдык капиталды  өнүктүрүүгө артыкчылык бергенин айтты.

Байсалов форумдун алкагында алдыңкы билим берүү мекемелердин жана дүйнөлүк университеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Дүйнөлүк билим форуму жыл сайын өтөт. Максаты: билим берүү көйгөйлөрүн талкуулоо, мектептерди, университеттерди өнүктүрүү жана мугалимдерди даярдоо үчүн жаңы техникалык мүмкүнчүлүктөрдү издөө.