Марал Радиосу

Жогорку Кеңеште Башмыйзамды редакциялап чыгуу сунушталды

Апрелдин аягында «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы «Өкмөт Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбады, тактап айтканда, пенсияны, жөлөк пулду жашоо минимумга жеткире алган жок. Муну менен алар Башмыйзамды одоно бузуп жатышат. Себеби 91-беренеде Министрлер кабинети мыйзамдарды кыйшаюусуз аткарышы керектиги жазылган» деген чечимге келип, «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 125-беренесинин 1-бөлүгүнө таянып, Өкмөттү отставкага кетирүү маселесин парламентке сунуштаган. Сунуш буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетте каралып, четке кагылган эле. Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны да тармактык комитеттин чечимин колдоп беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Апрелдин аягында «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, башкача айтканда, пенсияны, жөлөк пулду жашоо минимумуна жеткире албаганы үчүн Министрлер кабинетинин курамын отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алган.

Бүгүнкү күндө жашоо минимум орто эсеп менен 7000 сомду түзөт, ал эми эң аз пенсия 1500 сомдун тегерегинде. Ортосундагы айырма: 5000 сом. Башмыйзамда өкмөт мыйзамдарды так аткарышы керектиги жазылган, мен болгону Башмыйзамдын аткарылышын талап кылып жатам. Мындай пикирин чечим боюнча жасаган баяндамасында айткан «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров андан тышкары буларга токтолду:

«Бул Конституцияны мен кабыл алган эмесмин. Акылбек Жапаров бул беренеге каршы болгонун айтты. Мен эмне үчүн аткаруу бийлигинен баш тартам, себеби бул Конституция менен иштей албаганы үчүн баш тартам. Бул жерде «мамлекет жана анын органдары кайсы бир коомго эмес, бүткүл коомго кызмат кылат» деп жазылып турат. Бүткүл коомго жетим-жесир, мунжу-майып, байкуштар да кирет. «Мына ошолордун жөлөк пулу 6800 сомдон кем болбошу керек» деп, Конституция талап коюп жатат. Бул менин талабым эмес. Жапаров болобу, Асанов болобу, мен ушул талапты коймокмун. «Ушул Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргызстанда түздөн-түз колдонулат» деп турат. Эгерде «бул түздөн-түз колдонулбайт, Жапаровго келгенде кыйшайып өтүп кетет» десе, анда аны да жазып койгула. Мен болгону «Конституциянын талабын гана аткар» деп жатам».  

Министрлер кабинети «Бүтүн Кыргызстандын» сунуш киргизүүсүнө себеп болгон Башмыйзамдагы беренени чечмелеп берүүсүн Конституциялык соттон өтүнгөн. Сот: «Башмыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүн аткаруу милдеттүү эмес, өлкөдө белгиленген жашоо минимумдун чегине жеткенге аракет кылуу керек» дегендей мааниде корутунду чыгарып берген.

Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо Конституциянын кыргыз тилиндегиси тантык жазылгандыктан, ага өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө Башмыйзамды тебелеп-тепсеп, түшүнүктөр менен жашап, бардык маселелер ошол жактан жаралып жатканын белгиледи.

«Башмыйзам популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп турат. Бүгүн Конституцияны аттап, тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатабыз. Башмыйзамыбызды кайрадан редакциялап чыкмайынча, алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар».

Ал эми депутат Жанар Акаев «Эми бул маселени кантип чечебиз?» деген суроо салды.

Ага депутат Адахан Мадумаров мыйзамсыз иштердин баары Жогорку Кеңештин колу менен жасалып жатканын, учурда «боло берет» деген түшүнүк менен бара жатканы өтө өкүнүчтүү экенин айтты.

Ушундай эле маанидеги суроону депутат Улукбек Ормонов узатып, Акылбек Жапаровдун кетиши менен эмне өзгөрөрүнө кызыкты.

Мадумаров ага жооп катары өлкө оор абалга кептелип калгандыктан бардык тарап кеңешип, Башмыйзамды ревизия кылууну сунуштады.

Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев министрлер кабинетинин төрагасына мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

«Чынын айтайын, мурда Акылбек Жапаровду ушунчалык жаман көрчүмүн. Себеби ал Кыргызстанда канча президент болсо, баары менен иштешкен да. Азыр жасап жаткан иштерин көрүп, ынандым. Экономист катары күчтүү адам экен, президенттер жөндөн-жөн чакырып иштешкен эмес турбайбы. Бир жаман пейлибиз бар, министрби, өкмөт башчы болобу, бир аз иштегенден кийин эле кетире баштайбыз. Анан ким иштейт? Эгемендүүлүк алган жылдары канча премьер-министр алмашты?».

Жыйынтыгында «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын чечимин Жогорку Кеңеш четке какты.

Exit mobile version