Марал Радиосу

Акылбек Жапаров Ошто «Өлбөс полк» акциясына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата «Өлбөс полктун» митинг-реквиемине жана жүрүшүнө катышты.

Акылбек Жапаров Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Жапаров быйыл Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине 100 миң сомдон бир жолку жардам бөлүнөөрүн, мындан тышкары аларга айына 10 миң сомдон өмүр бою президенттик стипендия, 7 миң сом өлчөмүндө компенсация жана 10 миң сомго чейин пенсия берилээрин айтты.

Exit mobile version