Марал Радиосу

Баткенде Жеңиш күнү белгиленди

Баткенде 9-май Улуу Жеңиш майрамына арналган салтанат жергиликтүү жетекчилердин “Өчпөс от” эстелигине гүл коюусу менен башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарына багышталып Куран окулуп, тбата кылынды.

Салтка айланган “Өлбөс полк” жүрүшү шаар көчөлөрүн аралап борбордук стадионго барды.

Майрамдык иш чара жергиликтүү таланттардын концерттик программасы менен коштолду.

Белгилей кетсек, учурда Баткен облусунда 90 ооруктун ардагери бар.

Exit mobile version