Марал Радиосу

Ленин округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды

Бүгүн, 8-майда Бишкекте Жогорку Кеңешке № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутат шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, үгүт иштери 27-майга чейин уланат.

Депутаттыкка арыз берген 49 адамдын арасынан 32си талапкер болуп катталган, алардын бешөө аялдар.

№26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.

Буга чейин аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган Жаныбек Абиров мушташтан кийин өз каалоосу менен мандатын тапшырган.