Марал Радиосу

Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары Кытайга барышат

Си Цзиньпин 16-майда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттерин Кытайга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Си Цзиньпин сапардын алкагында 18-майда өтө турган Борбор Азия – Кытай саммитине катышууга үндөгөн.

«Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери 16-майдан 20-майга чейин Кытайда болушат»,— деп жазылган маалыматта.