Марал Радиосу

Орусиянын депутаты өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салууну сунуштады

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Бийсултан Хамзаев 21 жашка чыга электерге алкоголдук ичимдиктерди сатууга толук тыюу салууну талап кыларын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Анын айтуусуна караганда, бул чара көпчүлүк жарандар тарабынан колдоого алынган жана демилгенин ишке ашуусун талап кылат.

Депутат белгилегендей, бул демилге өлкөнү, өзгөчө демографиялык жактан бекемдөөгө багытталган.