Марал Радиосу

Бишкекте өтө турган «Өлбөс полк» жүрүшүнүн убактысы өзгөрдү

Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына карата өтө турган «Өлбөс полк» жүрүшү мурунку белгиленген убакыттан бир саат эрте башталат. Бул маалыматты «Өлбөс полк — Кыргызстан» кыймылы таратты.

Буга чейин катышуучулар 9:00дө чогулуп, 10:00дө жүрүштү баштаары айтылган. Өзгөрүлгөн убакытка ылайык, эми алар 8:00дө чогулушуп, 9:00дө Жеңиш аянтын карай жол алышат.

Жүрүш баштала турган жер жана жүрүү багыты өзгөрүүсүз калган. Тактап айтканда, катышуучулар Абдрахманов (Совет)-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Түштүк дарбазадан чыгып, Жеңиш аянтын көздөй келишет.

Айта кетсек, ушундай эле жүрүштөр Баткендин Кулунду айылында, Раззаков, Сүлүктү шаарларында, Ош шаарында, Жалал-Абад шаарында, Талас шаарында, Чүйдүн Ивановка, Сокулуктун Жаңы-Жер, Төмөнкү Чүй, Жаңы-Жер айылдарында (айыл тургундары Жаңы-Жерден Жаңы-Пахтага чейин жүрүш жасашат), Кемин районунун Кемин жана Орловка шаарларында, Аламүдүндүн Ленин айылында да өтөт.