Марал Радиосу

Конституция күнүнө карата бир катар кызматкерлер сыйланды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Конституция күнүнө карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн салтанатта бир катар кызматкерлерге сыйлык тапшырды.

Буга чейин жарыяланган жарлыкка ылайык,

Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушев III даражадагы «Манас» ордени менен;

Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Карыбек Дүйшеев жана ушул эле органдын судьясы Латип Жумабаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи ардак наамы менен;

Конституциялык соттун судьясы Мээргүл Бобукеева Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» менен;

Конституциялык соттун аналитика бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Шергазиев жана Конституциялык соттун башкармалыгынын консультанты Максат Түлөбалиев Президенттин «Ыраазычылык каты» менен;

Конституциялык соттун башкармалыгынын кызматкери Асел Асанкожоева Президенттин энчилүү сааты менен сыйланды.