Марал Радиосу

Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу кызматынын төрагасы болду

Марат Пирназаров Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Маалыматтарга караганда, Марат Пирназаров каржы рыногун жөнгө салуучу органдарда иштеп келген. 2020-жылы «Унаа» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

2021-жылдын май айынан бери Мамлекеттик каржы көзөмөл органынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.