Марал Радиосу

Президент диндердин өнүгүү тарыхы кандай окутулуп жатканын текшерди

Президент Жапаров бүгүн, 4-майда Бишкек шаарындагы №77 орто билим берүү мектебинин 9-класстын окуучуларынын Диндердин өнүгүү тарыхы сабагына катышты.

Бул предмет өткөн жылдын сентябрынан тарта окуу планына киргизилген.

Садыр Жапаров окуучуларга салттуу диндердин баалуулуктары тууралуу билим алуу керектигин, анткени ар кандай кыймылдар өз катарына тартуу үчүн түрдүү каналдар аркылуу маалыматтарын активдүү жайылтып, аны диний баалуулук катары көрсөтүп жатканын түшүндүрдү.

Мектептеги сабактар жаштар арасында дин тууралуу туура түшүнүктү калыптандырууга гана жардам бербестен, алардын үй-бүлөсүндө жана жакын чөйрөсүндө диний маселелер боюнча билим алууга да салым кошорун белгиледи.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» предметинин программасы 9-класстардын окуучулары үчүн иштелип чыккан.