Марал Радиосу

Ысык-Көл драма театры Бишкекке декадага келишет

Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Бишкек шаарында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 8-майдан 12-майга чейин спектаклдерди коюшат.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Ысык-Көл драма театры 1937-жылы 15-апрелде уюшулган. Театр искусствосунун залкар артисттери Б.Кыдыкеева, А.Көбөгөнов, А. Жумабаев, С. Балкыбекова, А. Жанкорозова жана башкалар ушул театрда эмгектенишкен.

1962-жылга чейин иштеген Ысык-Көл театры жоюлуп, Нарын театрына которулуп кеткен. Кийин элдин талабы менен кайрадан 1983-жылдын 3-ноябрында ачылган.

1985-жылы 17-февралда театрга Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, улуу драматург Касымалы Жантөшевдин ысымы берилген.

Театрдын репертуарында улуттук драматургия жана дүйнөлүк классиктердин чыгармалары орун алган. Театр уюшулгандан бери 160тан ашуун спектакль даярдалып, элге тартууланды.