Марал Радиосу

«Кылычсыз самурайдын» котормочусу «Сулайман-Тоого» жетекчи болду

Гүлбара Абдыкалыкова «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

«Сулайман-Тоо» музей-комплексинин буга чейинки жетекчиси Султанбек Абдрахманов 2022-жылы 14-июлда кызматынан бошотулган. Андан бери бул орун бош турган. Кийин Маданият министрлиги директорлукка сынак жарыялаган.

Гулбара Абдыкалыкова 42 жашта. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин лингвистика жана жаңы маалыматтык технологиялар факультетин, Түркия жана Орто Чыгыш мамлекеттик башкаруу институтунун (TODAIE) магистратурасын, Хажи Байрам Вели (HBVU) атындагы Анкара университетинин саясат таануу жана мамлекеттик башкаруу факультетин аяктаган.

2009-2010-жылдары Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде илимий кызматкер, 2015-2018-жылдары Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгында музей иштери боюнча башкы адис, 2020-2022-жылдары Улуттук тарых музейинин жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматтарын аркалаган.

2022-жылы «Музей академиясы» коомдук фондун түптөп, ушул күнгө дейре жетектеп келе жаткан.

Мындан тышкары өкмөттүк эмес уюмдарда окутуучулук жана котормочулук иштери менен алектенип келген. Белгилүү жапон жазуучусу Китами Масаонун «Кылычсыз самурай» романын жана башка чет элдик чыгармаларды кыргыз тилине которгон.