Судандын согуш жүрүп жаткан аймактарынан Кыргызстандын алты жараны өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 3-майда кабарлады.
Министрлик Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилиги жана Хартум шаарындагы өкүлчүлүгү менен сүйлөшүп, биргелешкен аракеттердин натыйжасында мекендештер 2-майда Судандын борбору Хартумдан Москвага, Москвадан Бишкекке жеткирилген.
ТИМдин маалыматына караганда, армия менен атайын күчтөрдүн ортосунда жүрүп жаткан куралдуу кагылышууга байланыштуу Судандан мурда да Кыргызстандын 7 жараны чыгарылып кеткен. Анын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде кызмат өтөп жатышкан.