Марал Радиосу

Кыргызстандагы күнөсканалардын саны миңден ашты

2023-жылдын I кварталына карата Кыргызстан боюнча иштеп жаткан күнөсканалардын саны 1305ке жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Күнөсканалардын ээлеген аянты 175,6 га жерди түзөт.

Облустар боюнча караганда, Чүй облусунда 98 (69,2 гектар), Ысык-Көл облусунда 50 (2,4 гектар), Нарын облусунда 34 (13,9 гектар), Талас облусунда 10 (1 гектар), Ош облусунда 348 (49 гектар), Баткен облусунда 161 (4,9 гектар), Жалал-Абад облусунда 604 (34,4 гектар) күнөскана бар.