Марал Радиосу

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча индексте 50 тепкичке төмөндөдү

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги боюнча жаңы рейтингин жарыялады. Анда Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 50 тепкичке төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 122-орунга түштү.

Жаңыланган рейтинг бүгүн, 3-май Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө карата жарыяланды.

Авторлор белгилегендей, Кыргыз Өкмөтү мурдагыдай эле бардык салттуу маалымат каражаттарын көзөмөлдөп, жеке маалымат каражаттарына таасирин жайылтууга аракет кылууда. Бирок белгилүү бир деңгээлде плюрализм бар, муну 24.kg, Kaktus.media жана Kloop.kg өңдүү маалымат сайттарынын популярдуулугу, ошондой эле иликтөө, дата журналистикасынын өсүшү далилдеп турары айтылат.

«Аткаминерлер акыркы жылдары цензураны күчөтүп, басма сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды жарыялоого аракет кылышкан. 2020-жылдагы ийгиликсиз аракетинен кийин президент Садыр Жапаров 2021-жылы Конституцияны, ошондой эле эл аралык келишимдерди бузган жана басма сөз эркиндигин чектеген «жалган маалыматтын» жайылышын чектөө боюнча мыйзамга кол койгон. Мындан тышкары аткаминерлер чет өлкөдөн каржылык колдоо алган көз карандысыз маалымат каражаттарын «чет элдик агент» деп таануу боюнча мыйзам долбоорун киргизүүнү демилгелөөдө», — деп айтылат уюмдун маалыматында.

Акыркы жылдары Кыргызстанда медиа тармагы кеңейгени жана 50дөн ашык телекомпания бар экени, ошондой эле радио, теле өлкөдөгү жаңылыктардын негизги булагы болуп саналары белгиленди.

Рейтингде көрсөтүлгөндөй, өлкөдөгү коррупциянын жогорку деңгээли боюнча иликтөө иштеринин жүргүзүлүшүн коомчулук колдойт, бирок журналисттер тараткан сын-пикирлерди, демократиялык идеяларды көпчүлүк эл колдобойт.

«Көз карандысыз ЖМКлар бийликти сындап, өзгөчө каралоо үчүн дайыма айыпталат. Кээде алар коррупция тууралуу макалаларды жарыялагандан кийин киберчабуулдарга кабылат. Иликтөөчү журналисттер митингдер менен демонстрациялардагы кабарчылар сыяктуу эле зордук-зомбулуктун бутасы болуп саналат», — деп белгилешет авторлор.

Жалпысынан рейтингге кирген 180 өлкөнүн жана аймактардын 31инде басма сөз эркиндигинин абалы «өтө оор» деп белгиленди.

42 өлкөдө абал «оор», 55инде «көйгөйлүү», 52 өлкөдө «жакшы» же «канааттандырарлык». Башкача айтканда, дүйнөдөгү он өлкөнүн үчүндө гана журналисттердин иштөөсү үчүн канааттандырарлык шарттар түзүлгөн.

Норвегия басма сөз эркиндиги боюнча рейтингдин башында турат. Кийинки орундарда Ирландия, Дания, Швеция, Финляндия, Нидерланды, Литва жана Эстония турат.

Орусия 164-орунда, Беларусия — 157-катарда, Өзбекстан 137, Тажикстан 153, Казакстан 134-орунда, Түркмөнстан 176-катарда.

Эрбол Султанбаев «Азаттык» боюнча АКШнын кайрылууларына жооп берди

Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана ар бир жаран пикирин ачык айтууга укугу бар экенин бийлик дайыма белгилеп келет.

Өткөн айдын соңунда Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча арызын канааттандырган.

Мындан тышкары, «ПолитКлиника» басылмасы жана анын журналисти Тыныстан Асыпбекти ЭлТР мамлекеттик телеканалы сотко берип, 10 млн. сом доо койгон.