Марал Радиосу

Кайсы учурларда тендерсиз сатып алуулар жүргүзүлөт?

3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзамды Каржы министрлиги жазып чыккан.  Анда «тендер» түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Кайсы учурда тендер түз өткөрүлүп, кайсы учурларда тендерсиз сатып алуулар жүргүзүлөт? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Шаршембидеги парламенттин жыйынында «Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Жыйында баяндама жасаган каржы министринин орун басары Улугбек Календеров белгилегендей, мыйзам долбоору сатып алуулар жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана алардын ыкмаларын оптималдаштыруу зарылчылыгынан улам иштелип чыгып, «тендер» түшүнүгүн камтыган бир катар мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Баяндамачы мыйзамдан «квалификациялоонун алдындагы жол-жоболор» түшүнүгүн алып салуу сунушталып жатканын маалымдады. Ошону менен бирге товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн татаал, кымбат баалуу же жогорку адистештирилген түрлөрүн сатып алган учурда иш жүзүндө чектелбеген ыкманы колдонуу жетиштүү экенин кошумчалады.

Улугбек Календеров тендери жок түз сатып алуулар кайсы учурда жүргүзүлө тургандыгын мындайча түшүндүрдү:

«Эгерде татаал иштерди аткарууда же татаал жабдууларды сатып алууда эки жолу өткөрүлүп, андан ары өтпөй кала турган болсо, бул иштер контракт түзүүгө алып келбесе, анда түз сатып алууга барат. Түз сатып алууда мыйзамдын 17-беренесинде бир катар учурлар көрсөтүлгөн, ошол учурларда түз сатып алат. Жаңы мыйзамда түз сатып алуулардын жагдайларын 6-7 пункт менен да көбөйтүп жатабыз. Бул жерде суммага чек коюлбайт».

Жыйында депутат Русланбек Жакышов тендерлердеги коррупция маселесин козгоп, мамлекеттик сатып алуулардагы талаптардын кемчиликтери тууралуу сөз кылды, анын ичинде эң арзан товарга же кызматка артыкчылык берүү талабы анын сапатына терс таасирин тийгизүүдө деп эсептейт.

«50-100 миң деп майдаланбай, Жогорку Кеңешке элдин жашоосуна олуттуу таасир эте турган чоң мыйзам долбоорлорун алып келсеңер туура болмок. Мисалы, түз сатып алуунун суммасын 500 миң сомго көтөрүүнү сунуштайт элем».

Депутат Нуржигит Кадырбеков түз сатып алуулардан «жеп жатканга шек саналып» тендерге өткөндүгүн, тендерлер болсо жеке демөөрчүлөрдөн беш эсе кымбат салып жатканын сындады.

«Жеке спонсорлор 3 миллионго салып берген курулуштарды, тендерден уткандар 15 миллиондон 20 миллионго чейин салып берип жатат. Ошондуктан ушул багытта кадам жасап жатканыңар туура. Болбосо, тендер уюштурганга да тендер өткөрө турган заман келип калды. Убакыт кетип жатат, чек арада адамдар үйлөрүнө кире албай жатат, тендер… тендер… Же андан бир сапат болбоду, же кыйратып кетпедик. Тендер деген «теңин бер» эмес, «эң бер» деген сөз болуп калды. «Бул жактан эң көп ким чыгарып берет?» дейт, ал жактан «ким эң арзан смета чыгарып берет?» дейт, ошону менен эле кетип жатат. Сапатына көңүл бурган эч нерсе жок. Сапатына ким жооп берет?»

Эл өкүлү Акбөкөн Таштанбеков Министрлер кабинетине мамлекеттик сатып алуулардагы ортомчулук кызматтардан баш тартуу керектигин айтып, чет өлкөдөн түз алып келүүнү сунуштады.

«Үч-төрт тендерди карасам, эң тазасы 30% өзү жебесе да, бирөөнө жегизген. Ошондуктан мамлекеттик сатып алууларды кайрадан киргизүү керек. Борборлоштурулган сатып алууларды киргизип, техникаларды чет өлкөдөн алып келбесек, акчабыз жетпейт. Керектүү товаралардын баарын чет өлкөдөн дүңүнөн алып келели, эмнеге бул жактан ортомчулардан кымбат алып жатабыз?»

Депутат Эмил Жамгырчиев да бул сунушту колдоп, бюджетти үнөмдөө максатында борборлоштурулган дүңүнөн сатып алуу зарылдыгын белгиледи.

Бир катар депутаттар мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун өркүндөтүү зарылдыгын белгилешип, азыркы механизм мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжасына тоскоол болуп жатканын жүйө келтиришти. Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Exit mobile version