Марал Радиосу

Өзбекстанда Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө кирди

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 30-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституция күчүнө киргенин жарыялады. БШКнын маалыматына караганда, тиешелүү мыйзам 1-майда күчүнө кирди.

30-апрелде өткөн референдумга шайлоочулардын 84,54 пайызы катышкан, алардын 90,21 пайызы жаңы Конституция үчүн добуш бергени кабарланган.

Башмыйзамдын 106-беренесине ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен президент Шавкат Мирзиёев дагы эки жылдык мөөнөткө шайлана алат.

2016-жылы бийлике келген Мирзиёев 2021-жылдын ноябрында ошол учурдагы Конституцияга ылайык, экинчи мөөнөткө шайланган. Анын азыркы мөөнөтү 2026-жылы аякташы керек эле.