Марал Радиосу

Бүгүн салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү

Демалыш күндөрүнө байланыштуу салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 2-майда аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Такталгандай, бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү (30-апрель) демалыш күнгө туш келди, ал эми 1-май майрам күнү деп белгиленди.

Ушуга байланыштуу салык мыйзамдарына ылайык, салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2-майга чейин узартылды.

Салык органдары 30-апрелде, 1-2-майда декларацияларды саат 09:00дөн түн ортосуна чейин кабыл алышат.

Салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.