Марал Радиосу

Токмоктун мурдагы мэри Урмат Самаев үй камагына чыкты

Токмок шаарынын мурдагы мэри Урмат Самаев үй камагына чыгарылды. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралганын соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Урмат Самаев күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыян төлөп берген. Тергөө абагынан бошотулуп, ээлеген кызматынан кетүү боюнча да арыз жазган.

17-апрелде УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталып, кармалган.

Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган. 17-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон иштин алкагында Самаев кармалып,  УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Exit mobile version