Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо иштери бир жарым айдан бери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 47 күндө көлдүн түбүнөн 3 миң 700 кг таштанды жана 47 миң метр тор чыгарылды. Учурда Ысык-Көлдүн 50 миң 530 гектардан ашык аянты тазаланды.
ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдү таштандыдан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин улантууда.
Ысык-Көлдү тазалоо иштери 12-марттан бери жүрүүдө. ӨКМ бул ишке Түркиядан алып келинген «Дельта» катерин колдонуп жатат. Анын ылдамдыгы саатына 40 чакырым, 10 суучул шайманы менен батат.