Марал Радиосу

Милиция май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте иштейт

Милиция кызматкерлери май майрамдарына карата 1-майдан тарта 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, коомдук тиртипти камсыздоо, өлкө аймагында мыйзамга каршы аракеттерди алдын алуу үчүн чаралар көрүлөт. Ал эми өзгөчө маанидеги объектилер күчөтүлгөн коргоого алынат.

Ошондой эле министрлик өлкө боюнча майрам күндөрү элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 5 миңден ашык милиция кызматкери кызмат өтөй турганын билдирди.

Exit mobile version