Марал Радиосу

Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен 9 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы-ички) бюджеттен 9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы карызга 6,1 млрд сом жана ички карызга 2,9 млрд сом кеткен.