Марал Радиосу

Билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлганы боюнча жыйын өттү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен (видеоконференция режиминде) коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган малымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан Үсөков өз баяндамасында министрлик тарабынан мындай анонимдүү билдирүүлөргө мамлекеттик органдардын реакциясынын алгоритми көрсөтүлгөн тескеме-инструкция иштелип чыкканын билдирди.

Ошондой эле учурда укук коргоо органдарынын техникалык адистери мындай билдирүүлөрдү таратуунун алгоритмдеринин жана жооп берүү үлгүлөрүнүн схемасы сыналып жаткандыгы белгиленди.

Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы бир катар тапшырмаларды берди.

Exit mobile version