Марал Радиосу

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында бир суткада 13 өрт кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, аларды өчүрүүгө 16 күжүрмөн эсеп тартылган.

Бишкек шаарында 2, Ош, Чүй жана Баткен облустарында бирден, Ысык-Көл облусунда 3, Нарын облусунда 3 өрт катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болгон.