Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 29-апрелде өлкө аймактарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…22,
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус болот.