Марал Радиосу

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасы 29-апрелден 1-майга чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Чек ара Кытайда Эмгек күнүн белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринен унаалар жана жарандар 2-майдан тарта өтө баштайт.