Марал Радиосу

Жарандар жашаган жерине карабай, каалаган ооруканасына кайрыла алат

Кыргызстандыктар эми кайсы аймакта жашаса да, үйүнө жакын же өзүнө ыңгайлуу бейтапканага каттоого турса болот. Мындай өзгөртүүлөр калкты медициналык мекемелерге каттоо жол-жобосун жеңилдетүү, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында киргизилди. Саламаттыкты сактоо министрлиги муну менен бейтапканаларда бюрократиядан арылууга да мүмкүн болорун билдирди. Бирок бул реформа бир топ талаш пикирлерди пайда кылууда. 

Өлкөнүн жарандары мындан ары өзү каалаган медициналык мекемеге барып каттоого турса болот. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, калкты каттоонун жаңы тартиби аймактык принципти жокко чыгарды.

Бул теңдик жана дени сак атаандаштыктын негизинде каалаган мекемеге катталууга мүмкүндүк берет. Ар бир адам катталган жерин кварталына бир жолу алмаштырууга укуктуу.

Катталуу үчүн жеке идентификациялык номерин камтыган (паспорт, айдоочулук күбөлүк) бир документтен башка кагаз талап кылынбайт.

Ошондой эле «Катталган калк» санариптик регистрин модернизациялоо жүрүп жатканы белгиленди. Ал ишке ашса, каттоо онлайн жүргүзүлүшү мүмкүн, бул үчүн электрондук кол тамга керектелет.

Мындай реформа медицина чөйрөсүндө бир топ талаш пикирлерди жаратууда. Медицина тармагы боюнча адис Базарбай Гапаров каттоосу алыста жайгашкан жарандар үчүн бул реформа ыңгайлуу экенин, бирок аны иштеп чыгууда эске алынуучу жагдайлар көптүгүн айтат.

«Бул реформа канчалык натыйжасын берет? Мисалы, Бишкектин күн батыш жагында бир катар айылдар жайгашкан. Алардын өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Бирок ал жактын жашоочуларына мекеме тандоо укугу берилсе, алардын көпчүлүгү Бишкекке агылып келет. Алар Бишкекке келип, биринчи үй-бүлөлүк медициналык борборго катталышы мүмкүн. Биринчи үй-бүлөлүк медициналык борбор өзүнүн сыйымдуулугуна жараша калкка кызмат көрсөтөт. Ансыз да анын жүгү көп. Бул нерсе кошумча жүк болуп калбайбы. Кошумча штат ачышы, аларга да айлык коюп бериши керек болот».

Медицина маселелери боюнча дагы бир адис Бермет Барктабасова жарандардын каалаган бейтапканасына барып, каттоого тура алышын жакшы кадам деп эсептейт. Ошол эле учурда реформаны толук иштеп чыгып, медициналык кызматкерлерге жана элге туура маалымат жеткирүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин сунуштады.

«Азыр бул жаңылануу саламаттык сактоо тармагында аябай талкууланып жатат. Өзгөртүүлөр калкты медициналык мекемелерге каттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө, жарандар үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга жардам берет. Бирок медкызматкерлердин жумушу көбөйөбү, ушул жагын да кароо керек. Бул реформаны ишке киргизип жатканда министрлик ар бир кадамды так пландашы керек. Бирок көп учурда элге туура маалымат жетпейт калууда. Ошондуктан бул боюнча элге, медициналык кызматкерлерге так, түшүнүктүү маалымат жеткирүү керек».

Калкты каттоонун жаңы тартиби аймактык принципти жокко чыгарганын коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев туура эмес деп эсептейт.

Каптагаев айыл жериндеги эл мурда өзү катталган ооруканасына барып көрүнө берерин, бирок шаарда кооптоонуу бар экенин айтат.

Ал жаңы реформанын өзөктүү концепциясы жоктугун айтып, Саламаттык сактоо министрлигинин бул жаңылануусун сынга алды.

«Үй-бүлөлүк медицина борборлору ошол жерде жашаган ар бир үй-бүлөгө, ар бир адамга жооптуу болчу. Эми реформа болуп, ушунун баары жоюлду. Калкты каттоонун жаңы тартиби аймактык принциптин жокко чыгарылышы кооптонууну жаратат. Айыл жеринде көп деле кыйынчылык жок. Мурда барып жүргөн үй-бүлөлүк борборго бара берет. Бирок Бишкек, Ош, Балыкчы сыяктуу ири шаарларда көп кыйынчылыктар жаралат. Алар кандай чечилет? Кандай кошумча чаралар көрүлөт? Булар тууралуу министрлик толук, ачык маалымат берген жок».

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, медициналык уюмдарды бюрократиядан арылтуу маанилүү, анткени бардык жаран үчүн медициналык кызматтар жеткиликтүү жана сапаттуу болушу керек.

Буга чейин кыргызстандыктар өзү жашаган аймакта жайгашкан бейтапканага гана катталып, медициналык жардам үчүн кайрылып келген.

Exit mobile version