Марал Радиосу

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт

 28-29-апрель күндөрү Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө жаратылыш газы 2 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан кабарлашты.

Жаратылыш газы Гагарин, Манас, Курчатов жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында убактылуу өчүрүлөт.

Себеби Айни — Островский дареги боюнча жайгашкан орто басымдагы газ өткөргүчтө оңдоо иштери жүргүзүлөт.