Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Ташкент шаарына иш сапарынын алкагында өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.
Өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташууну, жетишилген макулдашууларды иш жүзүнө ашыруу маселелерине көңүл бурушту.
Ошондой эле өкмөт башчыларынын деңгээлинде боло турган иш-чаралардын уюштуруу, чектеш облустардын башчыларынын жыйынын жана эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумун өткөрүүнү талкуулашты.