Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-апрелде Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Тараптар эки жактын мамилелеринин күн тартибинде турган актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары Садыр Жапаров менен Шарль Мишель эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты. Ошондой эле кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти.