Марал Радиосу

Кошуна мамлекеттерге сууну ресурс катары сатуу сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков кошуна мамлекеттерге сууну ресурс катары сатуу демилгесин көтөрдү. Ал Кыргызстан кошуна мамлекеттерден газ, мунайзат жана башка ушул сыяктуу ресурстарды сатып алып жатканын белгилеп, суу да мамлекеттин рерусу экенин айтат. Ал эми Энергетика министрлиги учурда Дүйнөлүк банк суу пайдалануу үчүн акы төлөө маселесин көтөрүп жатканын, бул багытта атайын иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстан сууну товар катары коңшу мамлекеттерге сатуу керектигин сунуштады.

Анын айтымында, Кыргызстан кошуна мамлекеттерге суу да өлкөнүн ресурсу экенин негиздүү түшүндүрүп, алар менен ортодо эл аралык практикага таянуу менен келишим түзсө болот.

«Совет доорунда курулган ГЭСтер жана суу сактагычтар тең салмактуу принциптердин негизинде иштечү. Суулар сакталып, сугат мезгилинде кошуна мамлекеттерге берилип келген. Анын ордуна кошуна мамлекеттер башка чийки заттар менен Кыргызстанды камсыздашкан. 1990-жылдардан кийин ар бир мамлекет эгемендүүлүккө ээ болуп, өзүнчө экономикалык, тышкы саясатты алып бара баштады. Кыргызстанга мунайзат, газды эл аралык рыноктогу баалар менен сата башташты. Биз эл аралык тажрыйбага таянып, эл аралык ченемдерди эске алалы деп талап коюу керек. Суу сактагычтар жөн жерден эле пайда болгон нерсе эмес. Себеби ага көп каражат жумшалган. Азыркы учурда да ири өлчөмдөгү акча сарпталууда. Башка мамлекеттерге берилген суунун акчасын алып жатабызбы? Суу өзүнчө ресурс. Албетте, башка мамлекеттер буга каршы болот. Бирок газ, мунайзат сыяктуу заттарды башка мамлекеттерден сатып алуудабыз. Сууну сактап, кышында да топтоп, сугат мезгилинде берип жатабыз. Ушуну жүйөлүү далил катары келтирип, аларга талап коюп, тиешелүү келишимди түзөлү».

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүгүнкү күндө Кыргызстан кошуна мамлекеттерден суу үчүн акча албай турганын айтты. Бирок министр учурда Дүйнөлүк банк суу пайдалануу үчүн акы төлөө маселесин көтөрүп жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө суу үчүн акча алган жокпуз. Дүйнөлүк банкта суу бөлүштүрүү боюнча маселе көтөрүлдү. Анда Дүйнөлүк банк өзүнүн позициясын, сууга акча төлөнүшү керектигин билдирди. Учурда бул процесс башталды. Бизде товар алмаштыруу башталганда эле бул процесс башталган. Алар кышында суунун ордуна электр жарыгын берип жатышат. Бирок биз аларга Кыргызстандан чыккан электр энергиянын көлөмүндөгү сууну эле берип жатабыз. Бул реконструкциялоонун баарын кошуна мамлекеттердин эмес, Кыргызстандын кызыкчылыгына жасап жатабыз. Ал эми бизде бүгүнкү күндө 3 миллиардга чейин муктаждык болуп жатат».

Депутат Кундузбек Сулаймановдун айтымында, сууну сатуу керек деп айткан менен, эл аралык келишимдерге ылайыктуулугун кароо керек.

Ал бул багытта шашылыш кадамдарга барууга болбосун айтат.

«Сууну сатуу керек деп айткан менен, эл аралык келишимдерге туура келеби же келбейби ушул маселелер да бар. Камбар-Ата-1ге Өзбекстанды, Казакстанды кошуп жатабыз. Бул да реализация, бул да сатуу. Бирок кааласак да, каалабасак да сууну коё беребиз. Анын баарын токтотуп кала албайбыз. Себеби мамлекетте ГЭСтер иштейт. Аны токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Генерация болгондон кийин, суу сөзсүз түрдө кетет. Суу кетмейинче генерация болбойт».

«Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова эл аралык нормаларды эске алуу менен бирге Кыргызстандын ресурстарын сыртка экспорттоодо сөзсүз акы алынышы керек деген пикирде.

«Ар бир мамлекеттин өзүнүн ресурстары бар. Мисалы Кыргызстан электр энергиясын, газды башка мамлекеттерден импорттоп, акы төлөп жатабыз. Эмне үчүн биз өзүбүздүн тарыхый ресурсубузду бекер беришибиз керек. Советтер Союзу менен бүгүнкү күндү салыштырбоо керек. Советтер Союзунда баарыбыз бир аймак болгонбуз. Учурда ар бири өзүнчө мамлекет. Ошондуктан ар бир мамлекеттин өзүнүн ресурстарын башка мамлекеттерге экспорттойт. Ал эми экспортко дайыма акы төлөнөт. Биздин сууларыбыз экинчи жакка кандайдыр бир баа менен кириши керек».

Кыргызстандын суу ресурстарын кошуна мамлекеттерге сатуу маселесин бир убакта Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев да көтөргөн.

Ал Советтер Союзу тарагандан кийин коңшу өлкөлөр газ, көмүр, нефть сыяктуу ресурстарын акчага сата баштаганын айтып, топтоп берген суунун тийиштүү акысын алууну сунуштаган.