Марал Радиосу

Кыргыз-америка кызматташтыгы кайра жанданабы?

Күн мурун, 24-апрелде Кыргызстанга жумушчу сапар менен Американын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу келди. Ал жумушчу сапарында президент Садыр Жапаров менен жолугушуп, кыргыз-америка кызматташтыгын талкуулады. Бул жолугушууну эки өлкө ортосундагы мамиленин мындан ары өнүгүшү үчүн жакшы жышаан катары баалагандар да бар. Дональд Лунун Кыргызстанга сапары эмнеден кабар берет? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров 24-апрелде Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Анда президент Дональд Лунун өлкөгө болгон сапарын  мындан аркы кызматташуу үчүн жакшы белги экенин айтты.

«Биз «жашыл», санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого даярбыз. Келечекте Кыргызстандын чыгармачыл коому туруктуу өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири катары дүйнөлүк чыгармачылык чөйрөгө жигердүү кириши керек деп күтөбүз».

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дональд Лу белгилегендей, Американын Кыргызстан менен экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, атап айтканда, санариптик экономиканы колдоо, ошондой эле өнөктөштүктүн башка багыттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниети бар.

Америка менен Кыргызстандын географиялык жайгашуусу алыс болгондуктан, кыска мөөнөттө товар ташуу жана экспорттоо кыйынчылык жаратат. Ал эми санариптик экономика алыс аралыкты жакын кылып, киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Ошондуктан санариптик экономика тармагында кызматташууну тереңдетүү эң туура кадам деп эсептейт экономист Элдар Абакиров.

«Жалпысынан бизде IT-тармак жакшы өнүгүп жатат. Жогорку технология паркынын кирешесинин көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Алардын кардарларынын 20-30%ы америкалык компаниялар болгондуктан, ошол тармактан Кыргызстанга каражаттар келүүдө. Айлык катары, бир жолку төлөм катары IT-компанияларга киреше келип жатат. Азыр санарип тармагында кийинки эпоха башталды окшойт, жасалма интеллект деген. Бул нерселер санариптешүүдөн сырткары кеп-кеңештер менен иш кылганга мүмүнчүлүк түзүп берип жатат. Андан да терең кетип жатабыз, эгерде биз бул толкун менен кетпесек, көп адам жумушсуз калат. Ошондуктан биз муну терең изилдеп, ошол жерден да өз ордубузду табышыбыз керек».

Азыркы Украинадагы согуштун айынан жаралган жагдайга байланыштуу Америка Борбордук Азиядагы өлкөлөрдү өзүнө көбүрөөк тартып, аларга таасирин күчөтүү максатын койгон. Дональд Лунун Кыргызстан менен Тажикстанга болгон сапарын буга чейинки Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстанга болгон сапарынын уландысы катары кароого болот дейт эл аралык мамилелер боюнча серепчи Кубан Абдымен.

«Азыркы келиши да учурдагы кырдаалда Орусиядан алыстатып, өзүнө жакындата турган кандай кадамдар бар экенин баамдап, кандай мамиле кылганда өздөрүнө көбүрөөк пайда алып келе турганын жана Кыргызстан менен Тажикстанга окшогон өлкөлөрдү Орусиядан алыстата тургандай жолдорду тапканга аракет кылууда. Ошондой эле мындай жолдорду саясатка киргизүүнү тактаганы келди деп айтса болот. Бирок бул Дональд Лунун келиши менен эле Кыргызстандын саясаты өзгөрүп кетет дегенди билдирбейт. Кыргызстан кызматташабыз деген өлкөлөргө көп векторлуу саясатын жүргүзүү менен жылуу мамиледе тосо тургандай саясатты жүргүзүп жатат. Баарын бирдей деңгээлде тосуп, карама-каршылыктарга жеткизбей, жылуу-жумшак мамиле кылганга багытталган саясат». 

2015-жылы кыргыз-америка кызматташтык келишими токтотулган. Ага байланыштуу эки тараптуу алака бир топ солгундаган. Дональд Лунун Кыргызстанга жумушчу сапар менен келишин мына ошол келишимди алдыга жылдыруу белгиси катары баалоого болот деп эсептейт эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов.

«Карап көрсөк, азыр Кыргызстан менен Американын ортосунда эч кандай юридикалык келишим жок болгондуктан, алар жардам бере албайт. Коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан Америкадан каражат, техника, жадагалса курал жагынан жардам алып жатышат. А биз ал мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайбыз. Ошондуктан Кыргызстан ойлонуп, Америка менен сөзсүз келишимге келишибиз керек. Келишим 2-3 жыл жазылып, өткөн жылы даяр болду. Азыр аны кабыл алуу үчүн саясий эрк керек. Кол коюлса, жаңы кадамдар менен мамиле түзүп кете беребиз. Бул келишимден кийин виза алуу жана башка бардык жактан жеңилдиктер жаралат. Ал кол коюуга даяр».  

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында кыргыз-америка алакасы солгундап кеткен. Ага Азимжан Аскаровго АКШ Мамлекеттик департаментинин «Адам укуктарын коргоочу» сыйлыгынын ыйгарылышы себеп болгон. Мындан улам Кыргызстан 2015-жылдын июль айында АКШ менен 1993-жылдын 19-майында кол коюлган көмөк көрсөтүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташууга байланыштуу келишимди бир тараптуу жокко чыгарган.

Кыргыз Өкмөтү Азимжан Аскаровду сот органдары тарабынан улут аралык араздашууну тутандыруусу, массалык башаламандыктарды уюштуруусу, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялар учурунда укук коргоо кызматкерин ырайымсыз түрдө өлтүрүүгɵ катыштыгы үчүн соттолгонун жүйө келтирген.

Exit mobile version