Марал Радиосу

2022-жылы дүйнөлүк аскердик чыгымдар рекорддук көрсөткүчкө жетти

LUGANSK REGION, UKRAINE - MARCH 15, 2022: Military hardware of the Ukrainian Armed Forces that needs repair, is pictured at a maintenance depot of the People's Militia of the Lugansk People's Republic (LPR) in the village of Stanitsa Luganskaya. The LPR People's Militia plans to use repaired hardware in combat operations. Alexander Reka/TASS Óêðàèíà. Ëóãàíñêàÿ îáëàñòü. Ïîñåëîê Ñòàíèöà Ëóãàíñêàÿ. Óêðàèíñêàÿ âîåííàÿ òåõíèêà, ïîäëåæàùàÿ âîññòàíîâëåíèþ, íà ðåìîíòíîé áàçå Íàðîäíîé ìèëèöèè ËÍÐ. Ïîñëå âîññòàíîâëåíèÿ Íàðîäíàÿ ìèëèöèÿ ïëàíèðóåò èñïîëüçîâàòü âîåííóþ òåõíèêó â áîåâûõ äåéñòâèÿõ. Àëåêñàíäð Ðåêà/ÒÀÑÑ

Дүйнө жүзүндө аскердик чыгым 2022-жылы 3,7%га жогорулап, 2,24 триллион долларга жетти. Бул тууралуу Тынчтык көйгөйлөрүн изилдөөчү эл аралык Стокгольм институту (SIPRI) билдирди.

Уюмдун 24-апрелде жарыяланган жаңы баяндамасына караганда, Орусиянын Украинага кол салуусу чыгымдын көбөйүшүнүн негизги факторлорунун бири болуп калды.

Баяндамада белгиленгендей, дүйнөдөгү аскердик чыгашанын 56%ы АКШга, Орусияга жана Кытайга таандык болууда, бул өлкөлөр аскердик багытка көп каражат коротууну дагы эле улантып жатышат.

АКШнын аскердик чыгымдары 877 миллиард долларды, же бүткүл дүйнөлүк аскердик чыгымдардын 39%ын түздү. Ошол эле учурда Кошмо Штаттар Украинага жардам катары 19,9 миллиард доллар бөлгөн.

Кытайдын аскердик чыгымдары 28 жылдан бери өсүүдө. 2022-жылы өлкө 292 миллиард доллар коротуп, коргонууга эң көп акча сарптаган дүйнөдөгү экинчи өлкөгө айланды.

Аскердик чыгымдары боюнча Орусия АКШ жана Кытайдан кийин эле үчүнчү орунду ээледи. Былтыр чыгымы 9,2% көбөйүп, 86,4 миллиард долларды түздү.

Украинанын аскердик чыгашасы 44 миллиард долларга жетип, бир жылда 640% көбөйдү.

НАТОго мүчө өлкөлөр жалпысынан 1,2 триллион доллар коротушту. Бул 2021-жылга караганда 0,9% көп.

Уюмдун пикиринде, Украинага жөнөтүлүп жаткан аскердик жардам жана Орусиянын коркунучу көптөгөн өлкөлөр аскердик дареметин бекемдөөсүнө түрткү болууда.

Exit mobile version