Марал Радиосу

Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 млн долларлык кредитке кол коюлду

Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фонду менен 130 млн долларды түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол койду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-апрелде Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

«Турак жайды каржылоо» жана «Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо, IV фаза» долбоорлору боюнча жалпы суммасы 130 млн долларды түзгөн эки кредиттик макулдашууга кол коюлду.

Долбоорлор муктаж болгон жарандарды арзан турак жай менен камсыздоого, ошондой эле Талас районундагы жолдун 92.9 чакырым бөлүгүн реконструкциялоого багытталган.

Жалпысынан 2026-жылга чейин «Менин үйүм 2021-2026» программасын ишке ашыруу алкагында 50 миңден ашык жаранды турак-жай менен камсыз кылуу пландалууда.

Жолугушууда президент Султан Абдурахман Аль-Маршадга Сауд өнүктүрүү фондунун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.