Марал Радиосу

Мектеп автобусу кабылган кырсык боюнча кылмыш иши козголду

«Манас» аэропортунун жолунда мектеп автобусунун катышуусунда болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (жол кыймылынын жана эксплуатациясынын эрежелерин бузуу) боюнча иш козголгон.

«Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Тергөө Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ИИБнын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды», — деп айтылат маалыматта.

Милициянын маалыматына караганда, жалпы 27 окуучу ооруканага түшкөн, бүгүнкү күндө 16 бала ооруканадан чыгарылды, калган 8 окуучу андан ары дарылануусун улантат. Анын ичинен 1 бала жандандыруу бөлүмүндө, 1 бала травматологияда жана 6 бала нейрохирургия бөлүмүндө жатат.

20-апрелде «Манас» аэропортуна бараткан жолдо жол кырсыгы катталып, балдарды ташып бараткан автобус оодарылып кеткен.