Марал Радиосу

Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу менен эмне өзгөрөт?

Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып, аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигине берүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору 20-майга чейин коомдук талкуудан өтөт. Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуунун оң же терс жактары кандай? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Башкы прокуратуранын тергөө жүргүзүүгө укугу бар. 2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында жаңы кодекс ишке кирип, анда Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган. 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Ушул тапта Президенттин администрациясы Башкы прокуратурадан тергөө укугун алып, УКМК менен ИИМге берүүнү сунуштап жатат.

Маалыматта документ прокуратура органдарындагы тергөөдө коррупцияны жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмакты камсыз кылуу үчүн даярдалганы жазылган.

Прокуратура органы Башмыйзам боюнча бардык күч органдарына көзөмөл жүргүзүшү керек. Өзү тергөө жүргүзгөн учурда аны ким көзөмөл кылат? Өзүн-өзү көзөмөл кыла алабы? Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев билдирди.

«Прокурорго бир топ кызматтын үстүнөн көзөмөл жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Ошондуктан бул жерде эки ой бар. Совет мезгилинде коргоо органдары кызмат кылганына байланыштуу аны жаман болгон деп айта албайм. Ал эми башкы прокурордун жеке ишмердиги боюнча маселе башка. Анан биз эки жылда алмаштырып турганыбыз жакшы эмес. Менин оюм боюнча Башкы прокуратурада тергөө калса болот. Коррупция, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча прокуратура иш жүргүзсө, калыстык болот».

«Бир дүйнө – Кыргызстан» уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын айтымында, эгемен, демократиялуу  жана укуктук мамлекетте прокуратура органы эч качан тергөө менен алек болбойт.

«Тергөөнү прокуратурадан алып коюу — бүгүнкү күндүн жаңы талабы. Анткени Башмыйзам өзгөртүлгөн. Ага ылайык прокуратура органдары мыйзамдуулукту, Конституцияны, күч органдары, тергөө органдары кандай иштейт, мыйзамдуу иштейби, аны көзөмөл кылышы керек. Башка тергөө органдарынын ишине аралашып кетүү — коррупция жана кызыкчылыктар кагылышы. Мыйзамдуулук сакталбай, кайрадан коррупциялык системага кирип кетип, чөнтөк прокурорго айланып, эркин прокурор дегенди унутуп калышкан. Баары коррупциялык системага чырмалышып калгандыктан канча жолу төңкөрүш болду».

Башкы прокуратураны тергөө жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эч нерсе өзгөрбөйт дейт юрист Таттыбүбү Эргешбаева. Анын айтымында, биринчи кезекте соттун эгемендигин күчөтүү керек.

«Бул жерде тергөө укугу алынабы, алынбайбы, маселе чечилбейт. Бул жерде биринчи кезекте соттун эгемендигин чечиши керек. Бул деген — жөн эле ар кандай күчтөрдүн ортосундагы талаш. Негизи эле көзөмөл органында тергөө жок болушу керек. Тергөө укугу алынганы менен кайра эле УКМК менен ИИМге берилет. Финпол жокко чыгарылган, салык полициясы чыга элек. Ошондуктан «орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» дегендей, ишинин натыйжалуулугу күчөп кетпейт».

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 12-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, прокуратуранын тергөө укугунан ажыратуу боюнча президент кандай чечим кабыл алса, колдой турганын билдирген.

Exit mobile version